Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

"Акыл тирек" илимий жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Прогрессивдүү демилгелер фондунун башкы директору Амангелди Жумадиловдун "Азаттыкка" билдиришинче, бүгүн Улуттук филармонияда жарышта жеңип чыккан 26 кишиге илимий "Акыл тирек" наамы тапшырылып, сыйлыктар ыйгарылды.

26 кишинин 14үнө акчалай сыйлыктар, дагы 12 кишиге компьютер тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн катарында "Азаттыктын" директору Султан Жумагулов да бар.
Мындан тышкары мамлекеттик башкаруу, коррупция менен күрөшүү боюнча колго жазып жиберген эмгеги үчүн алабукалык 87 жаштагы карыя Кыргызбай Нуркуловго кошумча сыйлык жана наам ыйгарылды.

Үстүбүздөгү жылы Прогрессивдүү демилгелер фонду экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү жана пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган өзгөчө илимий эмгектердин "Акыл тирек" жарышын жарыялаган.

Иш-чара жаш интеллектуалдардын асыл ойлорун, эмгектерин баалоо, мамлекеттеги идеялык бурулушка түрткү берүү, улуттук акыл казынаны куруу максатын көздөйт.

Жарышка бардык аймактан 100дөн ашуун илимий эмгек түшкөн. Алар 1 000 000 сомдон ашык байгеге ат салышкан. Мындан тышкары бул долбоордун алкагында өз адистиги боюнча илимдин өсүшүнө салым кошуп жаткан жаш окумуштуулар Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынан, Улуттук илимдер академиясынан тандалып алынып, эмгектери бааланды. (AzK)

XS
SM
MD
LG