Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Үй-бүлөнү атып кетти деп шектелген эки жарандын бири кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышкер деп шектелгендер ошол эле үй-бүлөнүн туугандары болуп саналат. Алар – 22 жана 20 жаштагы балдар. Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан курал табылган. Колго түшүрүлгөн жаран мындай кадамга буга чейинки туугандар арасында болгон чырдан улам өч алуу максатында барганын билдирген. Ушул тапта дүкөндөн акчаны уурдай качты делген экинчи шектүү изделип жатат.

5-сентябрдын түнү Баткендин Кара-Булак айылында белгисиз кишилер бир үй-бүлөнү атып кетишкен. Атылган октон үй ээси Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси жан берген. Кылмышкер ар бирин аңчылык курал менен чекеге аткан.

Жаагына ок тийген Тажибай Эралиев учурда ооруканада жатат. Дагы бир үч жаштагы небере кызы үй ичинде болуп аман калган. Айыл четинде отурукташкан бул үй-бүлөнүн кожоюну мал кармап, дыйканчылык кылчу. Анын 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу экөөлөп чакан ишкерлик менен алектенишкен. (JsAAzK)

XS
SM
MD
LG