Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Матенов: 500гө жакын чек арачынын орду бош турат


Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, келишимдик негизде келе турган чек арачылардын орундары толбой жатышынын себеби - маянанын аздыгына байланыштуу болуп жатат.

“10-11 миң сомго келишим менен чек араны кайтарууга балдар келбейт экен. Мисалы, аларды турак жайларга жайгаштыра албайбыз. Айрыкча түштүктө чек арачылардын социалдык абалдары оор, шаарлардан алыс, айылдарда жайгашкан. Ошондуктан келишимдик негизде чек арачылар келбей жатат", - деди Матенов.

Кыргызстандын Чек ара кызматында келишим менен кызмат өтөгөндөр 38% түзөт.
Ушул тапта чек арачылардын 63% түштүк аймактарда, калган 37% түндүк чек ара бөлүктөрүндө жайгаштырылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG