Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Үй-бүлөнү атып кетти деп шектелген Кара-Булактын тургуну болуп чыкты


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кылмышка шектүү адам Кара-Булак айылындагы өз үйүндө бүгүн колго түшүрүлгөн.

“Бизге түшкөн маалыматтардын негизинде кылмыш ишинин бети ачылды деп айта берсек болот. Кармалган бала көрсөтмө берип жатат. Бири издөөдө. Кылмышка уурулук максатында барышкан. Атылган үй-бүлөнүн дүкөнү, мүлктөрү толугу менен тонолуп кеткен. Кылмыштын себептери дагы иликтенип, тергелет”, - деди Алимбаев.

Алимбаев кылмышка шектелгендер мерт болгон үй-бүлөнүн туугандары болушу мүмкүн деген версиялар бар экенин, азыр туугандык байланышты иликтөө иштери да жүрүп жатканын билдирди.

5-сентябрдын түнү Баткендин Кара-Булак айылында белгисиз кишилер бир үй-бүлөнү атып кетишкен. Атылган октон үй ээси Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси жан берген. Кылмышкер ар бирин аңчылык курал менен чекеге аткан. Жаагына ок тийген Тажибай Эралиев учурда ооруканада жатат. Дагы бир үч жаштагы небере кызы үй ичинде болуп аман калган.

Айыл четинде отурукташкан бул үй-бүлөнүн кожоюну мал кармап, дыйканчылык кылчу. Анын 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу экөөлөп чакан ишкерлик менен алектенишкен. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG