Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Баскетбол жылдызы Түндүк Кореянын жол башчысы менен жолукту


Баскетбол жылдызы Родман кайрадан Түндүк Кореянын жол башчысы менен жолукту. Америкалык баскетбол жылдызы Деннис Родман Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ын менен экинчи жолу көздөштү.

Пхеняндан кайтып келатып Бээжинге токтогондо Родман Кимди "ажырагыс досум" деди. Ал ошондой эле Түндүк Кореяда 15 жылга кесилген теги корей америкалык Кенет Бени бошотууну суроо анын иши эмес экендигин кошумчалады.

Түндүк Кореянын мамлекеттик борбордук кабар агенттиги Ким менен Родман "жылуу маанайда сүйлөшкөнүн" бышыктады. Родман буга чейин Түндүк Кореяда Ким менен феврал айында көздөшкөн эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG