Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Kaзакстан менен Кытай 30 млрд. долларга келишим түзөт


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин билдиришинче, өлкө Кытай менен бүгүн жалпы суммасы 30 миллиард доллар келген 20 чакты келишимге кол коймокчу.

Назарбаев Кытайдын президенти Си Жиң Пиң менен Астанадагы жолугушуудан кийин сүйлөдү. Анын айтымында, эки тарап Казакстанда мунай иштетүүчү жаңы ишкана курууну макулдашты. Ал эми Синин айтымында, тараптар Казакстандын ири Качаган мунай долбоорунун акцияларын Кытай сатып алат деп макулдашты.

Кытайдын президенти Борбор Азияда төрт өлкөнү кыдырууда. Буга чейин ал Түркмөнстанда болгон, эми Өзбекстан менен Кыргызстанга келмекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG