Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Апта: дүрбөлөң салган тасма


Оппозиция планын шардана кылды делген Эрлан Өмүралиев Соң-Көлдөгү жыйын учурунда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. 24-август, 2013.
Оппозиция планын шардана кылды делген Эрлан Өмүралиев Соң-Көлдөгү жыйын учурунда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. 24-август, 2013.

Узап бараткан аптада Кыргызстандын ички саясатын “чуулгандуу видеотасма” дүрбөлөңгө салды.

Мындан сырткары апта ичинде Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү башталды. Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмунун саммитин өткөрүүгө камданууда.


"Центерра" менен чечүүчү сүйлөшүүлөр


Сентябрь айынын башынан тарта кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инктин” өкүлдөрү Кумтөр боюнча сүйлөшүнүн экинчи бөлүгүн башташты. Сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүндө эки тарап Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ага 50 пайыздан ээлик кылууну макулдашкан. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин август айынын соңунда Нарын облусуна жасаган билдирүүсүнө караганда, биргелешкен ишканада оперативдик иштерди жүргүзүү“Центеррага” берилет. Ал эми кыргыз тарап ал ишкананын директорлор кеңешинде төрагалык кылат.
Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов биргелешкен ишканада үлүш бөлүштүрүү жана жетекчилик тууралуу буларды кошумчалады:

- Ошол Директорлор кеңешинде да 50% кыргызстандыктар, 50% канадалыктар болот. Операторлор болсо “Центерра” тарапта болот. Анан Кыргызстан тараптын чоң жетишкендиги - “Центерра” канча мөөнөткө оператор болсо ошончо мөөнөткө Директорлор кеңеши Кыргызстандын көзөмөлүндө болот.

Маалыматка караганда, кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкананын 52 пайызына ээ болууга аракеттенүүдө. Ал канчалык ишке ашары жакын арада айкын болот. Анткени “Центерра” менен жетишилген келишим келерки жумада Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Эгерде парламент аны жактырса, мына ошондон кийин жаңы келишимге кол коюлат.

Бирок Кыргызстанда оператордук иштин “Центеррага” берүү мүмкүнчүлүгү сын-пикирлерди жаратууда. Кумтөр боюнча Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов бул формула менен Кыргызстан буга чейин эле иштеп келген дейт:

- Биргелешкен ишкана дегени эми... Башынан эле биргелешкен ишкана болуп келатпайбы. Алар оператордукту колуна алгандан кийин кенди иштетүү ошолордун колунда калып жатпайбы. Биздикилер оператор дегенди түшүнбөйт. Бул иштетүү, тейлөө деген сөз. Иштетүү алардын колунда болсо, анда дагы эле илгеркидей болот да.

Кыргызстан менен канадалыктар 1993-жылы Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзгөндө Кыргызстан 67% үлүшкө ээ болуп, директорлор кеңешин башкарып турган. Бирок оператордук ишти жүргүзгөн “Кумтөр оперейтинг компани” болгон. Анын финансы-чарбалык ишине директорлор кеңеши кийлигише албай калган. Натыйжада Кумтөрдө алтын комбинатын куруу үчүнчү долбоордо 276 млн. доллар деп белгиленип, бирок 460 млн. доллар сарпталган. Ашыкча чыгымдардын баары алдыдагы кирешенин эсебинен жабылган. Ал эми кыргыз өкмөтү менен канадалыктар түзгөн ал келишимде эки тарап кирешени бөлөбүз деп жазылган. Чыгымдар көбөйгөн сайын Кыргызстан көрө турган кирешелер да узай берген.
Бул ирет мына ошондогу катачылыктарга жол бербеш үчүн кандай механизмдер каралып жатканы белгисиз. Сүйлөшүүгө катышып жаткан “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров тараптар макулдашууга толук жетмейин маалымат берилбесин билдирүүдө.

Кумтөрдөгү Кыргызстандын 67% үлүшүн 33% түшүргөн келишим боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мына ошол кылмыш иштин алкагында мамлекеттик үч кызматкер кармалды. Алар Нурлан Алымбаев, А.Жолошев жана Д. Камчыбеков. Кармалгандар 2003-жылы келишим түзүлгөндө министрдин орун басарлары, өкмөттүк аппараттын жооптуу кызматкери болуп турушкан.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова козголгон кылмыш иштин натыйжасында 2003-жылкы келишимдин башында тургандар эмес, алардын тапшырмаларын аткаргандар жоопко тартылып калуу мүмкүнчүлүгүнө кабатырланды.

2003-жылкы келишимди түзүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү болгон, ал кездеги парламенттин мүчөсү Акылбек Жапаров Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп берип чыкканын билдирип, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн ал келишим мурунку президент Аскар Акаевдин тапшырмасы менен түзүлгөн дейт:

- Президенттин чечими болмоюнча, алардын тапшырмасы болбосо 2003-жылы 31-декабрда шашылыш түрдө эч ким эч нерсеге кол коймок эмес. Өкмөттүн жыйыны болгон эмес. Сурамжылоо түрүндө жасап туруп, мына ушул келишим пайда болгон.

2003-жылкы келишимдин негизги авторлору Аскар Акаев, Николай Танаев, Эмирлан Төрөмырзаев Орусия жаранын алып, ошол жакта байыр алып калышканы маалым. Башкы прокуратура аларды кайтаруу боюнча документтер Орусияга жөнөтүлгөн-жөнөтүлбөгөнү боюнча маалымат берүүдөн баш тартууда. Бирок да 2003-жылкы келишимди түзүүгө мурунку президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев да катышканын белгилеп, ага да коррупция боюнча айып коюлганын кабарлады.


ШКУ саммити


5-6-сентябрдагы Санкт-Петербургдагы чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин дүйнөлүк саясаттын көңүлү Бишкекке бурулчудай. Анткени Кыргызстан борборунда 13-сентябрда Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги саммити өтөт.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Орусия жана Кытай менен салмагы бир топ арткан ШКУнун курамында алты өлкө бар. Алар Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу статусуна ээ болгон өлкөлөр бешөө. Алар: Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан. Батыш өлкөлөрүнүн бүйүрүн кызыткан маселе - Бишкекте орус президенти Владимир Путин менен Иран президенти Хасан Роуханинин жолугушуусу болуп турат. Мына ушул эки лидердин жолугушуусунда Сирия көңүл борборунда болоору талашсыз. Сирия маселесинде болсо Орусия менен Кытай АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү менен келише албай турат.

Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинде дүйнөлүк саясат эле эмес, регионалдык саясат да талкууланат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдирүүсүнө караганда, саммитте негизги көңүл Ооганстанга бурулат:


- Шанхай кызматташуу уюмунун ички жоболору, андан сырткары экономикалык долбоорлор каралат. ШКУнун Өнүктүрүү банкы жөнүндө сөз болуп келатпайбы, ошону да президенттер талкуулайт. Бирок эң негизги маселе - коопсуздук маселеси болот. Келерки жылы НАТОнун күчтөрү Ооганстандан кетет эмеспи, ошо региондогу коопсуздук маселеси талкууланат.

ШКУнун Бишкек саммитине өзбек президенти Ислам Каримов да келээри кабарланды. 6-сентябрда Бишкекте Кыргызстан тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Өзбекстан тышкы иштер министринин орун басары Элдор Арипов менен жолугушту. Жогорку даражалуу дипломаттар мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү белгилешкен. Андан сырткары алар Ислам Каримовдун саммитке катышуусуна байланыштуу маселени талкуулашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстан лидерлери көптөн бери бетме-бет сүйлөшө элек. Ошондуктан алардын саммитте жолугушуусу маанилүү. Анткени эки өлкөнүн ортосунда бышып жетилген маселелерди чечүү мамлекет башчылардын гана колунда калганын кыргызстандык эксперттер белгилеп келишет.

Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алдында Кыргызстанга Кытай эл республикасынын башчысы Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен келет. Сапар Исаковдун айтымында, эки өлкө өз ара кызматташууларын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирүү алдында турат.

Кытай лидери менен Кыргызстан лидеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Алардын катарында Бишкек жылуулук борборун оңдоп-түзөө, Сары-Жаз ГЭСтерин куруу, темир жол жана башка долбоорлор болушу мүмкүн.


Оппозицияны орго салуу амалыбы?


Кыргызстандын ички саясатын узап бараткан жумада “чуулгандуу видеотасма” дүрбөлөңгө салды. Оппозициянын Соң-Көлдө өткөргөн курултайынан кийин пайда болгон ал тасмада активист Эрлан Өмүралиев оппозиция бийликти басып алуу үчүн ар кандай чагымдарды уюштуруп жатат деп билдирген. Эрлан Өмүралиев 24-августта Соң-Көлдө болгон курултайдын уюштуруучуларынан болгон. Андан көп узабай эле оппозиционер өнөктөрүн ашкерелеп чыккан.

Эрлан Өмүралиевдин билдирүүсүнөн кийин УКМК Аликбек Жекшенкулов, Садыр Жапаров жана Кубанычбек Кадыровду суракка чакырган. Алар Өмүралиевдин сөздөрүн толук төгүнгө чыгарып, ал эч кандай факты жана жүйөөлөр менен негизделбеген, ойдон чыгарылган нерселер деп билдиришкен.

Маселен Садыр Жапаров буларды айтат:


- Эрлан Өмүралиев өзү бул жерде мындай суу бар, тигиндей жер бар деп баарын кеңири айтып жатат. Ал жерге мен эзели басып барган эмесмин. Эгер ошондой план болсо, атайын кызмат бизди ошол жерде мүшөктөп порошок көтөрүп төгүп жүргөндө кармабайбы? Аларга эмне тоскоол болду, жоо кубалап келатабы, тезинен бул тасманы чыгара койгула деп? Мына 5 эле күн калыптыр. Бул же ошол баланын, же УКМКнын ойдон чыгарган “жомогу”.

Жети-Өгүздөгү жергиликтүү лидерлерге байланыштуу жана Соң-Көл курултайынан кийин пайда болгон видеотасмалар бийлик күзгү саясий күрөшкө ар тараптуу даярданганынан кабар берет. Бирок алар саясий күрөшкө чыгып көрүүнү каалагандардын санын азайтчудай эмес. Маселен, “Ата-Журт”, “Акыйкат”, “Чындык” партияларынын биригүү аракетинен кийин генерал Өмүрбек Суваналиев “Каршылык көрсөтүү” кыймылын түптөп жатканы маалым болду.

Суваналиев кыймылдын түзүлгөнү 18-сентябрда жарыяланаарын билдирди:


-18-сентябрда биздин "Каршылык көрсөтүү" кыймылынын бет ачаарын жасайбыз. "Каршылык көрсөтүү" кыймылын түзүүгө КСДП Конституцияны иштетпей, бийликти узурпациялап жатышы себеп болду. Ошого каршылык көрсөтүү максатында биз шайлоочу катары элди чогултуп, акцияларга чыгалы деп жатабыз.

Мына ошентип, Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинен кийин Кыргызстанда саясий кырдаал бир топ активдешчүдөй болуп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG