Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Навальный бийликти шайлоо жыйынтыгын бурмалабоого чакырды


Москва шаарынын мэрлигине оппозиция атынан катышып жаткан Алексей Навальный бийликти Сергей Собяниндин добуштарын жасалма көбөйтүп, экинчи айлампага барбоого чакырды:

-Биз Москва мэриясын добуштарды бурмалоого кадам таштабоого чакырабыз. Сегиз-он пайыз добушту бурмалап, шайлоону биринчи айлампа менен бүтүрүүнү каалап жатканыңарды ачык түшүнүп турабыз. Биз мындай болбошу үчүн колдон келген бардык аракеттерди жасайбыз жана байкоочуларды бир да добуш уурдалбашына көзөмөл кылууга чакырам.

Москва шаардык шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгы боюнча кечээки шайлоодо Собянинге берилген добуштар 55,28% түздү, ал эми Навальныйга 24% добуш берилген. Үчүнчү орунда коммунисттердин талапкери Иван Мельников 10,2% добуш алды. Эгер тараптардын эч кимиси 50% ашуун добуш ала албаса, экинчи айлампа болот.

Навальныйдын тарапкерлери экинчи айлампа болот деп бекемдешүүдө. Алардын эсеби боюнча Собянин 46%, Навальный 35% ашуун добуш алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG