Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Кара-Балтада мунай завод ачылууда


Чүйдүн Кара-Балта шаарында кытайлар салган мунай иштетүүчү завод ачылууда. Жаңы ишкананын ачылыш салтанаты бүгүн экономика министри Темир Сариев жана Кытайдын Өнүгүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Хуа Вэйдин катышуусунда өткөнү жатат. "Жунда" деп аталган бул заводду куруу тууралуу кыргыз-кытай макулдашуусу 2009-жылы кабыл алынган болчу. Ошондон бери кытайлык инвестор Кыргызстандын экономикасына 8 миллиард доллар кошту. Завод бир жылда 800 миң тонна чийки мунайды кайра иштете алат. Дизел майын, АИ–85, АИ–92, АИ–97 маркасындагы бензин жана суюлтулган газ чыгарат. Ишкана толук иштей баштаганда Кыргызстандын кара майга болгон муктаждыгынын 65 пайызын жаба алат. (RK)

XS
SM
MD
LG