Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Отунбаеванын фонду улут аралык достукка арналган талкуу уюштурууда


Экс-президент Роза Отунбаеванын фонду Кыргызстандагы улут аралык мамилени чыңдоого арналган талкуу уюштуруп жатат. "Көп улуттуу Кыргызстан" деп аталган жыйын бүгүн түштөн кийин Бишкектеги Тарых музейинде өтөт. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунан кабарлашкандай, ошол эле жерде кыргызстандык немистердин тарыхы, бүгүнкү күндөгү жашоосу, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө жумшаган эмгеги, кошкон интеллектуалдык жана руханий салымы тууралуу баяндаган көргөзмөнүн илимий концепциясы боюнча маалымат берилет. Кыргызстанда 80ге чукул улуттун өкүлү жашайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG