Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Бишкек: Кафеде ууланган 68 адам ооруканада жатат


Бишкектеги "Енисей" кафесинде тамактан ууланган 68 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Шабдан Рыскулов билдирди. Анын айтымында, уулангандар 7-сентябрда "Енисей" кафесиндеги иш-чарада чогуу болгон. Учурда 68 адамдын баары Жугуштуу оорулар клиникасында жатат. Алардын тогузу балдар. Абалы өтө оорлор жок. Уулануунун себебин аныкташ үчүн дарыгерлер лабораториялык жана бактериологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат. Рыскуловдун айтымында, окуя болгон кафеде эч бир санитардык-гигиеналык талаптар аткарылган эмес. Учурда ал кафе жабык турат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG