Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:27

"Енисей" кафесиндеги уулануунун себеби салат же тоок эти болушу ыктымал


Бишкектеги "Енисей" кафесинде тамактан уулангандардын абалы жакшы, оорлору же реанимацияга түшкөндөрү жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин жетекчиси Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, алдын ала изилдөөлөр боюнча, ууланууга салат жана тоок эти себеп болгон.

Санитарлардын билдиргенине караганда, ар бир кафе-ресторанды күнүгө текшерүүгө алардын акысы жок. Ал эми кафе ээлеринин баары санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзбөйт. Мисалы, ошол эле "Енисей" кафесинде иштеген кызматкерлердин биринде да медициналык кароодон өткөнү тууралуу документ жок болуп чыкты.

7-сентябрда "Енисей" кафесине конокко баргандардын 68и ууланып ооруканага түшкөн. Алардын тогузу - балдар. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG