Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Атамбаев: Кондучалова өзүн акыркы демине чейин кыргыз маданиятына арнады


Бүгүн кыргыз эли өзүнүн чыгаан кыздарынын бири Күлүйпа Кондучалова менен коштошту. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Кондучалованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Алмазбек Атамбаев, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомчулук өкүлдөрү катышты. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Күлүйпа Кондучалованын кыргыз мамлекетинин, маданиятынын калыптанышына кошкон салымы зор экенин айтып, ал өзүн акыркы демине чейин кыргыз маданиятына арнаган улуу инсан болгонун баса белгиледи.

Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Ал 1958-жылдан тарта 22 жыл бою Кыргызстандын маданият министрлигин жетектеген.(RK)

XS
SM
MD
LG