Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36
Мамнун Хусейндин ант берүү жөрөлгөсү Исламабаддагы президенттик сарайда өтмөкчү. Мунун алдында кечээ Асиф Али Зардари бийлик мөөнөтү аяктаганына байланыштуу президенттин кызматынан расмий чегинген эле.

Зардари Пакистандын демократиялык жол менен шайланган жана беш жылдык бийлик мөөнөтүн толук өтөгөн алгачкы президент болду. Ал бийликке 2007-жылы жубайы, мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто бомба чабуулда болгондон кийин келген.

Пакистан парламенти Мамнун Хусейнди президенттикке быйыл июлда шайлаган.
Ири ишкер жана 1999 –жылы Синд провинциясында бир нече ай губернаторлук кылган Мамнун Хусейн учурдагы премьер-министр Навази Шарифтин Мусулман Лигасы партиясынын узактан берки мүчөсү.

Жаңы президент жалпы улуттук масштабдан караганда өлкө саясатында анчалык деле белгилүү инсан эмес. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG