Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Лавров: Сирияга чабуул терроризмге шыкак берет


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.
Орус тышкы иштер министри бул тууралуу бүгүн Москвада Сирия тышкы иштер министри Валид аль-Муаллем менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин билдирди. Москва азыр, Лавров белгилегендей, Жакынкы Чыгышты “бүлгүнгө алып баруучу” кырдаалга жол бербөөчү чараларды көрүп жатат.

Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Европадагы сапарын аяктап жатып, Британияда болгон кезинде Сирия боюнча:


Жон Керри жана британ тышкы иштер министри Уильям Хейг. Лондон, 9-сентябрь, 2013-жыл.
Жон Керри жана британ тышкы иштер министри Уильям Хейг. Лондон, 9-сентябрь, 2013-жыл.
- Президент Башар Асад химиялык куралынын ар бир бөлүкчөсүн алдыдагы апталарда эл аралык коомчулукка өткөрүп бере алат. Өткөрүп берсин, толугу менен токтоосуз өткөрүп берип, ал эсепке алынышына мүмкүнчүлүк түзсүн. Бирок ал муну жасабайт. Бул жасалбашы айныксыз.


Учурда АКШ администрациясы Конгресстен Сирия өкмөтүнө каршы чектелген аскерий соккуга уруксат алууга умтулуп жатат. Конгресстин кош палатасы бул маселени расмий талкуулоого бүгүн киришмекчи. Ал Конгрессте колдоого ээ болор-болбосу азырынча белгисиз.

Ал эми Сирия президенти Башар Асад америкалык телеканалдагы маегинде өлкөдөгү химиялык чабуул үчүн козголоңчул күчтөр жоопкер деген мурдагы ырастоосун кайталады.

АКШнын маалыматы боюнча август айындагы химиялык чабуулдан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG