Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Жалал-Абад: Айлана-чөйрөнү коргоо жетекчилигинин иши сынга кабылууда


Жалал-Абадда "Апрел баатырлары" уюмунун төрт мүчөсү аймак аралык жаңгак-мөмө токой башкармасынын башчысы Абдималик Элемановдун өз кызматында калуусун талап кылышты. Алар аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын жетекчиси Бакыт Эрмековдун ишин сындап, ага жаңы уюшула турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү боюнча облустук башкармалыктын башчылык милдети убактылуу тапшырылганына каршы болушту. Өкмөткө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин директору Сабыржан Атажанов жаңы облустук башкармалык вертикалдык башкарууну күчөтүү жана маселени жеринде чечүү максатында уюшулаарын жана Элемановдун кызмат маселеси каралаарын билдирди. Бакыт Эрмеков өзүн сындаган аялдарды кимдир-бирөө уюштургандыгын жана жаңы кызмат тапшырылганын уга электигин айтты. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG