Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Навальный добуштарды кайра саноону талап кылууда


Москва мэринин кызматына талапкер болгон оппозиция лидери добуштар кайра саналмайын шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айтып жатат:

- Биз бул шайлоону тааныбайбыз. Собянин эгер биздин талаптарга көнүп, добуштарды кайра саноого барбаса, өзүн москвалыктардын баарынын мэри, мыйзамдуу шайланган мэр деп эсептей албайт.

Алексей Навальныйдын ырастоосунда, Собянин добуштардын болжол менен 4% бурмалоонун натыйжасында биринчи айлампада жеңишке жетишти.

Собянин болсо өз тарабынан кечээги добуш берүүнү Москванын тарыхындагы “эң таза жана ачык” шайлоо деп баалап, атаандашын жеңилгенин моюнга алууга чакырды.

Мурдараак Москванын шайлоо комиссиясы бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү, учурдагы мэр Сергей Собянинди кечээги шайлоонун жеңүүчүсү жана экинчи айлампа болбойт деп жарыялаган.

Шайлоо комиссиясынын эсебинде, Собянин добуштардын 51,37%, Алексей Навальный 27,24% алган. Навальныйдын жактоочулары бүгүн кечинде Москвада нааразылык акциясына жыйналган жатышат. Расмий эсеп боюнча Москва мэри үчүн 2003-жылдан бери алгач ирет өткөн добуш берүүгө шайлоого укуктуулардын 32% катышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG