Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Кытай менен Өзбекстан 15 миллиард доллардык келишим түздү


Президенттер Ислам Каримов жана Си Цзинпиндин катышуусунда Ташкентте кол коюлган келишимдер Өзбекстандын мунай, газ жана уран өндүрүү тармагын камтыйт.

Келишимдерге кол коюу жөрөлгөсүнөн кийинки басма сөз жыйында, президент Каримов Кытай менен алака-катышты мактап, көз карандысыздык жылдары Өзбекстан менен мамиле түзүүдө расмий Бээжин “саясий же башка шарт” койбогонун белгиледи.

Си Цзинпин Өзбекстанга кечээ кечинде келген. Эртең Каримовдун коштоосунда Самарканд шаарына барганы жатат. Кытай президенти учурда Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүрөт. Өзбекстанга чейин ал Түркмөнстан менен Казакстанга токтогон.

Си Цзинпин ушул аптада Бишкекке да келип, кыргыз бийликтери менен сүйлөшүү өткөргөндөн тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. (UE)

XS
SM
MD
LG