Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Москва: Навальныйдын жактоочуларынын митинги өтүүдө


Навальныйдын жактоочулары митинг алдында. Москва, 9-сентябрь, 2013-жыл.
Навальныйдын жактоочулары митинг алдында. Москва, 9-сентябрь, 2013-жыл.
Москва мэринин кызматына талапкер болгон оппозиция лидеринин жактоочулары Орусия борборунун Болотная аянтына жыйналышты.

Өзү Москванын бийликтери бул нааразылык акциясына уруксат бергени менен катышуучулар санын 2500, ал эми өткөрүү убактысын кечки жетиден тогузга чейин деп чектеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысынын баамында, митингге кеминде он миңден ашуун киши катышып жатат. Митинг алдында Навальный добуштарды кайра саноосуз алар шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айткан болчу:

- Биз бул шайлоону тааныбайбыз. Собянин эгер биздин талаптарга көнүп, добуштарды кайра саноого барбаса, өзүн москвалыктардын баарынын мэри, мыйзамдуу шайланган мэр деп эсептей албайт.

Алексей Навальныйдын ырастоосунда, Собянин добуштардын болжол менен 4% бурмалоонун натыйжасында биринчи айлампада жеңишке жетишти. Собянин болсо өз тарабынан кечээги добуш берүүнү Москванын тарыхындагы “эң таза жана ачык” шайлоо деп баалап, атаандашын жеңилгенин моюнга алууга чакырды.

Мурдараак Москванын шайлоо комиссиясы бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү, учурдагы мэр Сергей Собянинди кечээги шайлоонун жеңүүчүсү жана экинчи айлампа болбойт деп жарыялаган. Шайлоо комиссиясынын эсебинде, Собянин добуштардын 51,37%, Алексей Навальный 27,24% алган.

Расмий эсеп боюнча Москва мэри үчүн 2003-жылдан бери алгач ирет өткөн добуш берүүгө шайлоого укуктуулардын 32% катышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG