Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Өзбекстан менен Кытай 15 млрд. долларлык келишимдерге кол коюшту


Жалпы суммасы 15 млрд. долларды түзгөн бул келишимдер газ, мунай жана уран иштетүү боюнча. Бул тууралуу эки өлкө башчыларынын дүйшөмбүдөгү жолугушуусунан кийин болгон маалымат жыйынында айтылды.

Кытайдын президенти Си Цзинпин Өзбекстанга иш сапары менен 8-сентябрда келген. Ал бүгүн өзбек президентинин коштоосунда Улуу Жибек жолунун боюндагы Самарканд шаарына барары кабарланууда.

Өзбекстанга чейин Си ЦзинпинТүркмөнстанда жана Казакстанда болуп келген.

XS
SM
MD
LG