Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Бишкек шаар соту Акундун арызын карайт


Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча аны Акыйкатчы кызматына кайра алып келүүгө байланыштуу соттук жараян 1-октябрда болот. 16-августта Бишкектеги райондор аралык соту Турсунбек Акундун өзүн КР Акыйкатчылыгынан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтомун туура эмес деп табуу жөнүндө доо арызын кароодон баш тарткан. Анын негизинде Акун Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Турсунбек Акун бул маселе сот тарабынан каралып, мыйзамдуу чечим чыкмайынча, Акыйкатчылыкка талапкер тандоону токтотууну өтүнүп, ЖК адам укуктары жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Эркин Алымбековго кайрылды.

27-июнда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду Акыйкатчы кызматынан четтетүү тууралуу токтом кабыл алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG