Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Темиралиев: Мигранттын акчасы ишкерлерге өбөлгө


Стамбулда өткөн кыргыз ишкерлеринин бизнес форуму. 30-август, 2013-жыл.
Стамбулда өткөн кыргыз ишкерлеринин бизнес форуму. 30-август, 2013-жыл.

Сыртта жүргөн кыргыз ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым кошуу максатында түзгөн көп үлүштүү акционердик коом кандайча түзүлөт, акцияларынын баштапкы баасы, ишкананын иштеп кетүүсү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан кандай колдоо зарыл? Бул суроолорго демилгечилердин бири, "Тредстоун" ишканасынын жетекчиси Умбриэл Темиралиев жооп берди.

“Азаттык”: Сыртта жүргөн жана Кыргызстанда жашап эмгектенген ишкерлердин демилгеси албетте колдоого аларлык. Бирок “туулганына эмес, турганына сүйүн” дегендей, ушул жаңыдан түзүлгөн көп үлүштүү акционердик коом сиздер каалагандай деңгээлде иштеп кетерине көзүңүз жетеби?

Темиралиев: Биз эмне үчүн акционердик коом түзүп жатабыз? Эң негизгиси эки аспекттен турат: биринчиси – каражатка муктаж тарап, экинчиси – аны берип жаткан тарап. Жыл сайын сырттан Кыргызстанга 2-3 млрд. доллар келип атса, анын дээрлик бардыгы сыртка чыгып кетип жатат. Анткени ал акчалар иштеген жок, кийим-кече, тамак-ашка жумшалууда. Чоңураак сумма чогулуп калса, машине ала коюшат. Бул товардын көбү чет мамлекеттерден жасалгандыктан сырттан келген акчанын баары кайра эле сыртка кетүүдө.

Экинчи аспектиси болсо – каражатка муктаж тарап. Алар биздин жергиликтүү ишкерлер. Аларга Кыргызстанда өнүгүү үчүн каражат керек, бирок ага чыгуучу жолдор жок. Классикалык түрүн эле айта кетели, ишкерликти баштоо үчүн алгач адам өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарат, иш башталганда акча жетпей тууган-уругунан, досторунан чогултат. Бир убакыт келгенде банкка барып, андан насыя алат да, тапканы кайра эле банктын пайдасына кетет. Ошондуктан биздеги ишкерликтин абалын – айнек шыптын алдында деп сүрөттөөгө болот. Өсүш жок.

“Азаттык”: Мына акционердик коом түзүлдү дейли. Анын иштеп кетүүсүнө мамлекеттен кандай жардам керек?

Темиралиев: Эгер мамлекет тарабынан кандайдыр бир маселе болбосо эле, анда бизге оңой болот. Акционердик коом деп түзүүнүн да мааниси бар, аны ачуу, коомду башкаруу, көзөмөл жана байкоо жүргүзүү оңоюраак. Биз фонд деп ачсак деле болмок, бирок анда аябай көп тоскоолдуктар болмок. Ошондуктан, мамлекет аралашпасын, оңоюраак ачылсын деп Акционердик коом түзүүнү туура көрдүк. Мамлекет жардам берсе жакшы болмок, кайсы жагынан? Эгер мигрант өзүнүн акчасын чогултуп келип, Кыргызстанга инвестиция кылып жатса мамлекет жок дегенде салыкты азайтып бериши керек. Мигранттардын акчасын алып иштетип жаткан ишканалардын салыгын да азайтып берсе чоң жардам болмок. Мамлекеттен жардам бергиле деп көп деле өтүнгөн жокпуз, колдон келсе салыкты азайтып бергиле, келбесе, бизге тийишпегиле, биз өзүбүз иштеп кетебиз деп атабыз.

“Азаттык”: Сиздердин демилге башка ишкерлер тарабынан кандай колдоого алынып жатат?

Темиралиев: Акционердик коомдун алгачкы капиталы - 200 миң доллар. Бул улам көбөйүп, 1 млн. долларга жетиши мүмкүн. Биз бир акциянын баасын миң доллар деп жатабыз. Бизде мигранттар көп, алгачкы кадам Түркиядагы кыргыз ишкерлери тарабынан ташталууда. Алардан тышкары Орусияда, АКШда, Түштүк Кореяда иштеген мекендештерибиз бар. Алардын баары менен форумдун жүрүшүндө жолугуп, сүйлөштүк, колдоп жатышат. Ар кимдин мисалы, миң доллардан 10 миң долларга чейинки чогулткан акчасы бар, ал акчадан киреше тапкысы келет. Аны Орусияда же башка жакта эле колдонбой, Кыргызстандагы ишкерлерге берсе, өлкөнүн өнүгүшүнө да бир салым кошкон болот. Ошондуктан, биз мигранттардын акчасын чогултуп, ишкерлерге берсек, биринчиден, аларга каражат таап берип, ошону менен бирге өлкөнүн экономикасына салым кошобуз. Экинчиден, сыртта жүргөн мигранттарга акчасын көбөйтүүгө жардам беребиз.

“Азаттык”: Акционер болом дегендер деле ага салынуучу акчага ким кепилдик берерине, Кыргызстандагы инвестициялык климаттын келечеги тууралуу тынчсызданууларын билдирип жатышпайбы?

Темиралиев: Эч ким кепилдик бербейт. Бул деген таптаза коммерциялык трансакция. Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу тынчсыздануулар деле бүгүнкү күнү негизсиз демекмин. Анткени сырттан туруп караганда туруксуз сезилет, тобокелчилик көп болуп сезилгени менен, өлкөдөгү инвестициялык климат абдан жакшы. Аябай өнүгүүчү, потенциалы күчтүү компаниялар бар. Мисалы биз инвестиция кылабыз десек, акчаны сураган эле кишиге кармата бербейбиз. Мен өзүмдүн Москвада иштеп жүргөндөгү тажрыйбам боюнча, 30-50 компанияны изилдеп чыгабыз. Инвестиция кылуу деген бат эле ишке ашуучу, оңой иш эмес. Анткени акчаны алуучу ишкана же ишкердин бизнес мүмкүнчүлүгүн, уюштуруу иштерин карап көрөбүз. Андан ары ал кишиге ишенүүгө болобу, ошондой эле ишкана атаандаштыкка туруштук бере алабы, беш-алты жылдан кийин булар чыгарган товарга же кызмат көрсөтүүлөргө элден суроо-талап болобу же жокпу, мына ушунун баарын иликтеп чыгабыз. Мына ушул суроолорго жооп бергенден кийин келишимдин түзүмүн чийип туруп, андан кийин гана беребиз. Мисалы, курулушта өзүнчө кесипкөйлөр болсо, соодада өзүнүн кесипкөйлөрү бар. Инвестиция кылууда да кесипкөйлүк талап кылынат, бул деген кесип, аны аркалоо үчүн илим жана тажрыйба керек. Ошондуктан, биз илим менен тажрыйбабызды колдонуп туруп, туура компанияларды тандоого аракет кылабыз. Кудай буйруса катачылык болбойт деп ишенип жатабыз.

“Азаттык”: Акционердик коом түзүлдү. Кыргызстандын кайсы тармагы бүгүнкү күнү инвестицияга муктаж?

Темиралиев: Биз акчаны инвестицияга салабыз. Биздин акчаны алып иштетүүнү каалаган компаниялар ар кайсы тармактагы ишканалар болушу ыктымал.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG