Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Орусияга нашаа ташыгандар кармалды


Кыргызстан менен Орусиянын маңзат көзөмөл кызматтары Орусияга нашаа ташыган эки жаранды кармады. Алар Бишкек - Новосибирск поездине менен 800 грамм нашаа алып өтүүгө аракет жасаган. Нашааны резина баштыкчаларга бөлүп салып, жутуп, ашказанына катып алган. Адистердин айтымында, мындай ыкма адам үчүн өтө опурталдуу. Себеби резина баштыкча тешилип кала турган болсо адам дароо өлөт.

Кармалгандар экөө тең Кыргызстандын 20 жаштагы жарандары.

Жалпысынан, 3-4-сентябрда жүргүзүлгөн атайын операция учурунда 7 килограмм героин, 13 килограмм марихуана, 458 грамм апийим жана 817 грамм нашаа алынды. (RK)
XS
SM
MD
LG