Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Дыйкандар мамлекеттик кампага буудай төгүүдө


Кыргызстанда өкмөт дыйкандардын быйылкы буудайын мамлекеттик кампага кабыл алууда. Бүгүнкү күнгө карата пландалган жалпы көлөмдүн 30 пайызы кабыл алынып бүттү. Чүйдө бул көрсөткүч 50% түзүүдө. Түштүк аймакта буудай тапшыруу бир аз жайыраак жүрүп жатканын "Азаттыкка" Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кабарлашты. Ысык-Көлдө бул иш эми гана башталды. Буудайдын сапаты кабыл алынып жаткан жерде уюштурулган атайын лабораториядан текшерилип жатат. Мамлекеттик кампадагы дандын запасын жаңыртыш үчүн быйыл өкмөт дыйкандардан буудайды килограммына 13 сомдон берип сатып алып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG