Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Кумтөр боюнча инвестор менен меморандум кабыл алынды


Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кени боюнча канадалык инвестор менен меморандум кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, бул документ жалпы мүнөзгө ээ:

- Бул жалпы меморандум. Эч кандай деталдар жок. Кайсы жолдор менен реструктуризацияга бараарыбыздын жалпы принциптери кабыл алынды.

Бул меморандумдун долбоору эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Быйыл февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганын айтып, өкмөткө канадалык инвестор "Центерра голд" менен жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG