Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Кумтөр боюнча жаңы ишкана түзүү сунушталды


Кумтөр алтын кенин иштете турган жаңы биргелешкен ишкана түзүү сунушталды. Эгер бул шарт жазылган меморандум Кыргызстандын парламенти жана канадалык инвестор "Центерра голд" компаниясынын директорлор кеңешинин колдоосуна ээ болсо, анда кыргыз тарап ал ишкананын акцияларынын 50 пайызына ээ боло алат. Меморандум кечээ талкууланып, бүгүн ага кол коюлганын өкмөттөн кабарлашты. Азыр кыргыз тарап "Центерра голддун" акционердик капиталынын 32,75 пайызына гана ээ. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, эгер бул шарт ишке ашса, Кыргызстандын Кумтөрдөн көргөн пайдасы 80 пайыз жогорулайт.

Быйыл февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганын айтып, өкмөткө канадалык инвестор "Центерра голд" менен жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG