Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Кеңбулуңдуктар Сулеймановду айыпташты


Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн тургундары, айылдык кеңештин депутаттары жана “Асаба” партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов улут аралык араздашууну ырбатып жатканын айтып чыгышты.

Алар бүгүн уюштурган маалымат жыйында Кең-Булуңда кыргыз жана дунган жаштарынын арасында чыккан чырды күндөлүк турмушта боло жүрчү окуя атап, депутат аны мамлекеттик деңгээлге чыгаруу менен өзүнө упай топтоп жатканын айтышты. Тургундардын билдиришинче, Сулейманов окуяга катышкан абалы оор эмес жигитти райондук ооруканадан борбордук ооруканага алып барган.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Бахадыр Сулейманов “Азаттыкка” окуяны улут аралык маселе катары көтөрбөгөнүн, турмуш-тиричиликтен чыккан чырды укуктук негизде чечүү үчүн депутат катары кийлигишкенин билдирди.

Ушул жылдын 11-августунда Кең-Булуң айыл өкмөтүндөгү базардан дунган улутундагы сатуучулар менен кыргыз жаштарынын ортосунда чыр чыккан. Дунган тараптан бир нечеси ооруканага жаткан. Бул боюнча вице-премьер министр Токон Мамытов күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жаза тартаарын билдирген. Кылмыш иши козголуп, айылдык милиция кызматкери кызматынан башка жерге которулган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG