Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:21

Индия: студент кызды зордуктагандар айыпталды


Индия соту былтыр декабарда студент кызды зордуктап өлтүргөн 4 кишини күнөөлүү деп тапты. Алардын өкүмү эртең чыгат деп күтүлүүдө. Кылмышкерлер өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Окуя былтыр декабрда борбор шаар Делиде болгон. Автобуста кетип бараткан 23 жаштагы студентти бир нече жолу зордуктагандан кийин катуу токмоктошкон. Маркум эки жумадан кийин ооруканада көз жумган. Кылмыш аялдардын коопсуздугу камсыздалбаганына нааразы болгон элдин массалык акцияларын тутанткан. Айыпталгандардын бардыгы күнөөсүн четке кагууда. Дагы бирөө кылмыш жасалган кезде 17 жашта болгондуктан, анын ишин августта өспүрүмдөр соту өзүнчө караган. Ал 3 жылга түзөтүүчү колонияга кесилген. Ал эми алтынчысы март айында камерада асынып өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG