Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Акун: Соттун чечими чыга электе жаңы акыйкатчыны тандоо мыйзамсыз


Турсунбек Акун эгер анын парламенттик комитетке кайрылуусунан майнап чыкпаса түрдүү нааразылык акцияларын баштайт. Бул тууралуу бүгүн ал "Азаттыкка" билдирди. Жогорку Кеңешти таркатуу талабы менен чыгаарын айтты.

- Менин арызым боюнча соттук териштирүүнүн жыйынтыгы чыга электе жаңы акыйкатчыны шайлоо мыйзамсыз, - деди Акун.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жаңы акыйкатчыны шайлоо маселесин парламенттин жалпы жыйынына качан алып чыгаарын аныктайт. Жайкы эс алууга кетээр алдында депутаттар Турсунбек Акунду көпчүлүк добуш менен кызматтан алып койгон болчу. Жогорку Кеңештин бул чечимине макул болбогон Акун сотко кайрылган. Азыр акыйкатчы болом деп талапкер катары катталгандардын саны 50дөн ашты.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG