Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

МАИ менен "маселени" кантип чечесиз?

Кыргыз бийликтери көптөн бери коррупцияга каршы күрөш жарыялап келатат. Анын натыйжасы жалпы коомду өзгөрткөнү байкалбайт. "Азаттык" жалпы журтчулукту бул күрөшкө салым кошууга чакырып, "Коррупциометр" деп аталган жаңы долбоор ачты.

"Коррупциометр" - кыргыз коомундагы кайсы бир проблемага арналып, коомчулукка утур-утур бир собол таштап турат. Бул жолку соболубуз МАИ тармагындагы коррупция маселесине арналат.

Эскиче МАИ, жаңыча Жол кайгуул кызматы аталган бул тармак жедеп коррупцияланышып кеткени көптөн бери айтылып келет. Аны реформалоо аракеттеринен майнап чыкканы азырынча байкала элек. Бул тармактагы коррупциялык көрүнүштөргө балким сиз, же жакындарыңыз кабылгандыр. Эгер кабылган болсоңуз канча сом менен маселеңизди чечтиңиз, же сизден канча акча сурашты?

Өзүңүз же кимдир бирөө МАИ кызматкерине пара бергенине күбө болсоңуз, "Азаттыкка" кабарлаңыз. Бизге сүрөт/видео жиберип, кат-кабар жазыңыз. Бул маселе, тармакты реформалоо тууралуу ой-пикириңизди да жазып туруңуз. "Азаттыктын" Бишкек кеңсесиндеги (312) 316165 автожооп телефонго чалып, үнүңүздү жаздырып койсоңуз да болот.

Бизге жөнөтүлчү файлды ушул жерден жүктөңүз

Жалпы эрежебиз менен таанышып алыңыз

Алмаз аттуу окурманыбыз жүктөгөн сүрөт менен пикир

Менин жекече ойум. МАИ кызматкерлерине айдоочу менен сүйлөшүү тартибин үйрөтүү керек,себеби булар абдан корс мамиле кылышат. Пара албаш үчүн айлык акысы жогору болуш керек. Мисалы Грузияны алсак болот. Жүктөгөн кардардын аты: Алмаз

Болот аттуу окурманыбыз жүктөгөн сүрөт менен пикир
МАИ кызматкерлери 4-5 жыл мурун жол эрежесин бузса да, бузбаса да көрүнгөн машинаны токтотуп кол беришип учурашып турушчу эле. Азыркы күндө андай эмес, айыбы болсо токтотуп көпчүлүгү протокол түзөт, учурашкандар да жок эмес, (азыраак). Жүктөгөн кардардын аты: Болот

XS
SM
MD
LG