Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Дамаск Москванын сунушун кабыл алды


Сирия өкмөтү химиялык курал арсеналын эл аралык көзөмөлгө өткөрүү сунушуна макул болду. Маалымат булактары жазганына караганда, тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем андай билдирүүнү бүгүн Москвада жасады. Ага чейин Орусия Сириянын химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө алуу боюнча “конкреттүү, так” пландын үстүнөн иштеп жатканын ырастаган. Андай демилге кечээ Кремл тарабынан көтөрүлгөн.

АКШ президенти Барак Обама план ийгиликке алып келиши ыктымал деп, ошол эле маалда идеяны убакытты создуктуруу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Сирия оппозициясы сунушту “саясий маневр” деп четке какты. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиустун айтымында, Париж Сириянын химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө өткөрүү шарттарын аныктаган резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштайт.

XS
SM
MD
LG