Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Керри: АКШ Орусиянын демилгесин караштырууга даяр


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Конгресс мүчөлөрү алдында сүйлөп, Барак Обама администрациясы Орусиянын Сирия боюнча жаңы демилгесин караштырууга даяр, бирок көпкө күтпөйт деп билдирди. Дүйшөмбүдө Москва Сириянын химиялык курал арсеналын эл аралык көзөмөлгө өткөрүүнү сунуштаган жана Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем Дамаск өкмөтү ага макул болгонун кечээ билдирди.

Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинде сүйлөгөн Керри мыйзам чыгаруучуларды Сирияга сокку урууга уруксат берген документти колдоого чакырды. "Себеби күч колдонуу тууралуу эскертилбесе, Сирия андай план боюнча кызматташпайт", - деди мамкатчы.

Соккуга уруксат берип-бербөө боюнча алдын ала добуш берүү шаршембиге белгиленип, бирок Москванын сунушунан кийин жылдырылды.

11-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 7де президент Барак Обама америкалыктарга кайрылуу жасайт. Ак үйдүн маалымат катчысы Жэй Карней билдиргенине караганда, президент Сирия режимине каршы сокку урууга Конгресстен уруксат алуу аракетин уланта берет.

Вашингтон 21-августта Дамасктын четинде болгон газ чабуулу үчүн Асад өкмөтү жооптуу деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG