Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

“Кырдаал2013” эл аралык машыгуусу уланууда


ШКУ саммитинин алкагындагы чек аралаш аймактардагы аркандай кырсыктардын алдын алууга жана чечүүгө арналган “Кырдаал-2013” эл аралык күжүрмөн машыгуусу эки күндөн бери Ысык-Көлдө өтүп жатат. Бүгүн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Өзгөчө кырдаалдар министрлери Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна келип түшөт.

ШКУ саммитинин алкагында өтүүчү күжүрмөн машыгууда уюмга мүчө мамлекеттердеги ыктымал кырсыктардын кесепеттерин жоюуда биргелешип аракеттенүүсү көрсөтүлүүдө.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити 12-13-сентябрда Бишкекте болот. ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Кытай мүчө. Ал эми байкоочу өлкөлөр Иран, Пакистан, Индия, Монголия жана Ооганстан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG