Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

АКШ Магнитскийдин иши боюнча мүлктөрдү конфискациялоого киришти


Америка прокуратурасы жана федералдык мекеме өкүлдөрү орусиялык адвокат Сергей Магнитский тарабынан ачылган салык көз боёмочулугу үчүн 11 компаниянын активдерин конфискациялоо тууралуу доо арыз менен Манхеттендин сотуна кайрылышты. Расмийлер бул ишканалар аркылуу Орусиянын бюджетинен уурдалган акчалар адалданган деп бекемдешүүдө.

Орусияда СИЗОдо жатып өлгөн адвокат Сергей Магнитский орус аткаминерлердин көмөгү менен Орусиянын мамказынасынан 230 млн. долларды уурдалганын, андан кийин бул акчанын бир бөлүгүнө Prevezon Holdings компаниясы аркылуу Манхеттендеги эң кымбат, кооз имараттар сатылып алынганын билдирген эле. Prevezon Holdings орусиялык жаран Денис Кетсивуга таандык.

XS
SM
MD
LG