Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Түркияда кайрадан толкундоолор


Түркиянын чыгыш-батышында жүздөгөн демонстранттар полиция менен кагышты. Кырдаал демонстранттардын бири 22 жаштагы Ахмет Атакандын өлүмүнөн кийин күч алды. Ал шейшембиге караган түнү Антакья шаарындагы быйыл жайында өкмөткө каршы демонстрациялардын катышуучуларына полиция тарабынан катаал мамиле жасалышына каршы митинг учурунда өлгөн. Анын өлүмү тууралуу маалымат бир катар шаарларда толкундоолорду жаратты. Стамбулда полиция жүздөгөн кишиден турган топту көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таратты.

XS
SM
MD
LG