Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен экономикалык зона түзөт


Кыргызстан менен Кытай биргелешкен экономикалык зона түзөт. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын төрагасы менен кеңири форматта жолугушуудан кийин “Улуу Жибек жолу” аттуу экономикалык зона түзүү тууралуу сөз болгонун билдирди. Кыргызстан үчүн соода-экономикалык алака-катыш маанилүү экенин белгиледи. Бир катар ири экономикалык долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи. Көрсөткөн жардам-колдоосу үчүн ыраазылык айтты. Эки өлкөнүн кызматташтыгын жогору баалап, Кытайды стратегиялык өнөктөш деп тааный турганын айтты. Кытай төргасы Си Цзинпин өз кезегинде бул сунушту кубаттады.Кыргызстан менен Кытайдын тоосу-суусу бир экенин, дүйнөлүк жана аймактык саясатта талаша турган маселеси жок экенин белгиледи. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG