Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Парламентте "Ата-Журттун" жаңы депутаттары ант берди


Бүгүн парламентте «Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков жана Бакыт Шаршеев ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков аларды жалпы депутаттардын атынан куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Жогорку Соттун чечимине ылайык, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы быйыл 20-августтагы чечими менен мурдагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон болчу. Бүгүн ант берген үч депутат алардын ордуна келди. (RK)

XS
SM
MD
LG