Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Мунай заводуна насыя боюнча макулдашууга кол коюлат


Кара-Балтадагы мунай иштетүү заводуна насыя алуу боюнча Кытай менен макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган ишкананын президенти Шатман Борбоев билдирди. Анын айтымында, Кытайдын өнүктүрүү банкынан 360 миллион долларлык насыя алуу боюнча макулдашууга кол коюлат. Кытай тарап буга чейин 250 миллиондой доллар каражат жумшаган. Эмки алына турган насыя жабдуу жана чийки мунай сатып алууга жумшалат. Заводдун президенти чийки кара майды Орусиядан сатып алуу боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуш жөнөткөнүн, ШКУнун саммити алкагында кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда бул маселе көтөрүлөөрүн белгиледи. Бүгүнкү кыргыз-кытай жолугушууларында жалпысынан 9 документке кол коюлганы жатат. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG