Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Орусияда жол кырсыгында үч кыргызстандык мерт кетти


Кечээ Орусияда жол кырсыгында үч кыргызстандык мерт кетти, дагы бирөө ооруканада жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тюмендеги кыргыздардын лидери Ханзада Сманова билдирди. Анын айтымында, кырсык Ишим шаарында болгон. Кыргызстандыктар үйүнө жөнөп бараткан. Алдын ала маалымат боюнча, алар Баткенден болот.

Ханзада Сманова жакында "Азаттыкка" маек куруп, Тюменде 20 миңдей кыргыз бар экенин кабарлаган. Жыл башынан бери көп кабат үйлөрдүн курулушунда иштеген 7 кыргызстандык жигит бийиктен кулап түшүп мерт болгонун айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG