13-сентябрдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин айтымында, жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. 14-16-сентябрда өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы 17...22ге чейин төмөндөйт. Нарындын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Мындай шартта талаадагы оруп-жыйноо иштерине кыйынчылык түзүлүп, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындайт.
Соңку 2-3 күндөн бери Кыргызстанда күн абдан ысып, айрым жерлерде 35 градустан ашууда. (RK)
Соңку 2-3 күндөн бери Кыргызстанда күн абдан ысып, айрым жерлерде 35 градустан ашууда. (RK)