Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Жалал-Абадда митинг өттү


Жалал-Абад облбийлигинин алдында митинг өттү. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, митингчилер өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабыржан Атажанов менен агенттиктин жаңы түзүлгөн облустук башкармасына убактылуу дайындалган Бакыт Эрмековдун кызматтан кетүүсүн талап кылды. Алар ошондой эле бул кызматка облустагы аймак аралык Жаңгак-мөмө токой башкармасынын башчысы Абдималик Элеманов дайындалышы керек деген талап койду. Талаптары аткарылмайынча бийлик алдында боз үй тигип тура берээрин айтышты. Кыргыз өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов аларга Абдималик Элеманов кызматсыз калбай турганын, агенттиктин облустук башчысы сынактан кийин аныкталаарын, Бакыт Эрмеков бул кызматта убактылуу иштээрин, эгер анын мыйзамсыз иштери болсо, сотко кайрылуу керектигин айтты. Мурда Айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын жетекчиси болуп иштеген Эрмеков өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, митингди кызыкдар адамдар уюштурганын айтты. Нааразылык акциясы кечээ жана дүйшөмбү күнү да болгон. Сабыржан Атажановдун айтымында, вертикалдык башкарууну жакшыртуу максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өз-өзүнчө башкармалыктар түзүлдү. Буга дейре алар Жалал-Абад аймак аралык Жаңгак-мөмө токой башкармасына баш ийчү.(YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG