Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Индияда прокурор зордукчуларга өлүм жазасын сурады


Индияда сотто прокурор 23 жаштагы студент кызды зордуктаган жана урган төрт адамга өлүм жазасын талап кылды. Төрт адам сот тарабынан күнөөлүү деп табылышты.

Кылмыш 2012-жылдын декабрында Делиде болуп, кыз кийин ооруканада көз жумган. Бул кылмыш Индияда жана дүйнө жүзүндө коомчулуктун көңүлүн бурду. Коргоочу тарап өмүр бою эркинен ажыратууну сурап жатат. Өкүм бүгүн чыгат.

Төрт адам тең күнөөлөрүн моюнга алышкан эмес. Зордуктоонун дагы бир катышуучусу кылмыш жасап жаткан учурда 18 жашка жете элек болгондуктан үч жылга колонияга кесилген. Дагы бир катышуучу мартта камерада асынып алган.

XS
SM
MD
LG