Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

ШКУ саммити: Бишкек сегиз президентти күтүүдө


13-сентябрда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн сегиз өлкөнүн президенттери келет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Эртең, 12-сентябрда кыргыз тарап конокторду тосуп алуу менен алек болот. Саммитке баардык мүчө өлкөлөрдүн президенттери - Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Си Цзинпин (Кытай), Владимир Путин (Орусия), Эмомали Рахмон (Тажикстан) жана Ислам Каримов (Өзбекстан) келип катышаары маалым болду. Ал эми уюмдагы беш байкоочу өлкөнүн ичинен Иран, Ооганстан жана Монголиянын президенттери, Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG