Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Евробиримдик: Орусия коңшуларына кысым жасап жатат


Биримдиктин комиссары Штефан Фюле орус бийлигин Евробиримдик менен тыгыз байланышта болууну көздөгөн мамлекеттерге басым жасабоого чакырды. Ал кечээ Страсбургда чыгып сүйлөгөн сөзүндө өткөн жылы Вильнюста Евробиримдик менен кызматташтык келишимин түзгөн өлкөлөргө Орусия жасап жаткан түрдүү кысымдар “жол берилгис” деп айтты. Комиссардын айтымында, Орусия соодага тоскоолдук кылып, коопсуздук кепилдигин алып коюп же аскердик кызматташтыкты токтотуу менен өлкөлөрдүн Евробиримдикке жакындоосуна бут тосууда.

Штефан Фюле Бажы биримдигин эмес, Евробиримдик менен кызматташууну тандаган өлкөлөрдү Евробиримдик колдоого алат деп кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG