Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кыргызстан ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзөт


Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев 11-сентябрда ШКУнун Ишкерлер кеңешинин бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Министр бул үчүн тиешелүү аракеттер жүрүп жатканын билдирип, мисал катарында коррупция менен күрөшүү чаралары күчөтүлгөнүн, мамлекеттик аппараттын 20% кыскарганын, ишкерлик субъектилерине мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз кийлигишүү, текшерүү азайганын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 20 миңден 380ге, ал эми лицензия талап кылынган ишмердүүлүктүн түрү 500дөн 180ге чейин азайтылганын белгилеп кетти.

"Инвестициялык ишмердүүлүк тармагында да административдик тоскоолдуктар жана чектөөлөр алынып жатканын да кошумчалап кетти",- деп маалымдады Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстан “Инвесторлорду коргоо” көрсөткүчүнөн КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 2-орунду, ал эми дүйнөдө 13-орунду ээлейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG