Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Кыргызстандыктар куткаруучуларга жардам берди


Ыраакы Чыгыштагы кыргызстандыктар суу каптоо учурунда куткаруу иштерине көмөктөштү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Хабаровскидеги консулга таянып тараткан маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда аймакта жашап-иштеген кыргызстандыктар жергиликтүү бийликке жардам беришти.

Элүүдөн ашуун ыктыярчылар дамбаларды курууга, гуманитардык жардам жеткирүүгө көмөктөштү. Ал эми Кыргызстандын Хабаровскидеги консулдугу тарабынан куткаруу ишине 3 самосвал иштеди.

Ыраакы Чыгыштагы быйылкы суу каптоодон 100 миңден ашуун адам жабыркады. Маалыматтарга ылайык, 185 айылды суу каптап, 28 341 киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан. Алардын ичинен 16,5 миңден ашууну турак-жайларына кайта элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG