Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Талас: Ынтымак айылында малга карантин жарыяланды


Ветеринарлар сибир кулгунасына байланыштуу Таластын Ынтымак айылындагы малга жана мал этине карантин жарыялады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Шабдан Рыскулов кабарлады. Анын айтымында, аталган айылдын эки тургуну сибир кулгунасын жуктуруп алганы аныкталды. Алар азыр дарыланып жатат. Малдын этин айылга алып келүү жана алып чыгууга тыюу салынды. Республиканын башка аймактарында аталган оорунун очоктору жок. Сибир кулгунасы адамга малдан жугат. Ынтымак айылы Бакай-Ата районуна карайт.(BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG