Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Саммитке эл аралык уюм өкүлдөрү да катышат


ШКУнун Бишкек саммитине мүчө өлкөлөрдөн тышкары бир катар эл аралык уюм өкүлдөрү да катышат. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 13-сентябрда өтө турган жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана Евразия экономикалык шериктештигинин расмий өкүлдөрү катышат.

Саммитке баардык мүчө өлкөлөрдүн президенттери - Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Си Цзинпин (Кытай), Владимир Путин (Орусия), Эмомали Рахмон (Тажикстан) жана Ислам Каримов (Өзбекстан) келип катышаары маалым болду. Ал эми уюмдагы беш байкоочу өлкөнүн ичинен Иран, Ооганстан жана Монголиянын президенттери, Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери келатат.

Аймактагы коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУга алты өлкө мүчө. Алар - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)

XS
SM
MD
LG