"Манас" аэропортунда ШКУ саммитине келген расмий конокторду тосуп жаткан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тажик президенти Эмомали Рахмонду тосуп алды. Кийинки күтүлүп жаткан конок - өзбек президенти Ислам Каримов. Эртең, 13-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин жыйыны өткөнү жатат. Талкууланчу негизги маселе - аймактагы коопсуздук. (RK)