Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Пхеньян атомдук реакторду ишке киргизди өңдөнөт


АКШдагы изилдөө институту Түндүк Корея Йонбойндогу атомдук реакторду кайрадан ишке киргизип жатышы ыктымал деп маалымдады. Атомдук энергия боюнча эл аралык аегнттиктин башчысы Юкио Амано Пхеньяндын ядролук программасына тиешелүү маалыматтар текшерилип жатканын, бирок абал тууралуу азырынча так эч нерсе айта албасын билдирди. Россия реактордун айланасында кыймыл-аракеттер байкалганын, бирок анын ишке киргизилишин далилдеген белгилер жок экенин айтты. Түндүк Корея Йонбойнду 2007-жылы алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жапкан. Анын ордуна өлкө гуманитардык жардам алмак. Ушул апрелде Пхеньян ядролук ишкананы кайра иштетээрин билдирген.

XS
SM
MD
LG